ֱ

БААУда математика боюнча олимпиада өтөт

БААУда математика боюнча олимпиада өтөт

20&Բ;марта&Բ;2024

#олимпиадапоматематике#математика#ami

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) жана БААУнун Инновациялык колледжи 9-10-11-класстарда окуган Кыргызстандын кызыкдар окуучуларынын баарын жыл сайын өтүүчү жазгы математикалык олимпиадага катышууга чакырат.

Олимпиада 2024-жылдын 14-апрелинде БААУда өтөт, башталышы 10:00.

Катышуучуларды каттоо онлайн түрүндө 20-марттан 12-апрелге чейин өткөрүлөт. Олимпиаданын катышуучулары каттоодон өтүп, 200 сом өлчөмүндө каттоо взносун төлөөсү кажет. Кенен маалымат жана каттоодон өтүүнүн формасы: /ru/mathcontest/.

Олимпиаданын маселелеринин мисалдары:

1-тур:

2-тур:

Ошондой эле БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” программасынын окутуучулары тарабынан даярдалган “Жогорку класстар үчүн БААУнун математикалык олимпиадаларынын тапшырмаларынын жыйнагы” интерактивдүү электрондук китеби да ачык колдонууда жеткиликтүү.: .

Байгелүү орундарга илинген жана олимпиаданын финалына жолдомо алгандарга сыйлыктар менен баалуу белектер тапшырылат. Жеңүүчүгө, экинчи орунду камсыздаганга жана байгелүү 3-орундун ээсине “Колдонмо математика жана информатика” адистигинде билим алуу үчүн тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80% арзандатуулар берилет.

Ал эми БААУнун Инновациялык колледжи 9-класстардын арасындагы жеңүүчүлөрдү төмөнкүдөй катыштагы арзандатуулар менен камсыздайт: 70%, 60% жана 50%.

Өз күчүңүздү сынап көрүү үчүн келиңиз! Сизди күтөбүз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028