ֱ

БААУнун брейн-ринги 2024

БААУнун брейн-ринги 2024

18&Բ;марта&Բ;2024

#брейнринг#brainring

БААУнун Студенттердин окуудан тышкаркы ишмердүүлүгү боюнча кеңсеси 11-класстардын арасында бакалавриат департаменттеринде стипендия менен билим алуу мүмкүнчүлүгүн берген “ЕЙН-РИНГ” академиялык сынагын өткөрүү тууралуу кабарлайт. Үч финалчы билим алууга 100%, 80% жана 75% арзандатууларга ээ болот.

“ЕЙН-РИНГ” - абитуриенттер үчүн БААУда билим алууга стипендия жеңип алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк. Сынак БААУнун каржылык колдоо саясатынын бир бөлүгү болуп, өзгөчө таланттуу студенттерге БААУда окуу мүмкүнчүлүгүн алууга шарт түзүп берет.

Стипендиядан пайдалануу үчүн Оюндун жеңүүчүлөрүнүн бири болуу жетишсиз - кабыл алуу сынактарын да тапшырып, БААУга окууга өтүү зарыл.

Кенен маалыматты шилтеме аркылуу кирип, Жободон билип алсаңыз болот: https://auca.kg/ru/brain_ring/

Сынактын биринчи туру 2024-жылдын 30-мартында БААУнун жыйындар залында саат 10:00дө өтөт. Каттоо 9:30да башталат. Каттаалуу үчүн жалпы жарандык паспорт жана билим алып жаткан мектептен билдирме керектелет.

Дарек: Бишкек шаары, Токомбаев көчөсү 7/6

Тел.: +996 (312) 915000 + 251, 253

extracur@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028