ֱ

Миграциялык жыйнак 2023: Заманбап шарттарда Борбордук Азияда жана Россия Федерациясында миграциялык саясаттардын калыптанышы

Миграциялык жыйнак 2023: Заманбап шарттарда Борбордук Азияда жана Россия Федерациясында миграциялык саясаттардын калыптанышы

18&Բ;марта&Բ;2024

2024-жылы 12-марттта Бишкекте тегерек стол өтүп, анда Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү жана БААУнун Тянь-Шань аналитикалык борбору тарабынан иштелип чыккан “Миграциялык жыйнак 2023: Заманбап шарттарда Борбордук Азияда жана Россия Федерациясында миграциялык саясаттардын калыптанышы” эмгегинин бет ачары орун алды.

Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Макс Георг Майер өз сөзүндө буларга токтолду: “Биздин Фонд өнөктөшүбүз БААУнун Тянь-Шань аналитикалык борбору менен биргеликте миграция темасында (ички жана тышкы) иликтөө иштерин улантып келет. Эми биз кызматташуунун алкагында иштелип чыккан экинчи иликтөөбүз болгон “Миграциялык жыйнак 2023: Заманбап шарттарда Борбордук Азияда жана Россия Федерациясында миграциялык саясаттардын калыптанышы” эмгегибиздин жыйынтыктарын коомчулукка тартуулоого даярбыз. Буга чейинки жыйнак 2021-жылы жарыяланган.

Биз миграциянын жумуш күчү жана ыкмаларды берүүдө маанилүү экенин, глобалдык өнүгүүнү зарыл билимдер жана инновациялар менен камсыздап берүүсүн жакшы түшүнөбүз. Глобалдык миграциянын негизинде жаралган көйгөйлөрдү чечүү үчүн Эл аралык координацияны жакшыртуу зарыл. Анткени миграция тармагында өзгөрүүлөр абдан тез болуп кетүүдө – мисалга Ооганстанда жакында ишке ашкан окуяларды айтсак болот.

Миграция Борбордук Азияда гана жайылбастан, европалык өлкөлөрдү да кучагына алууда. Биз эң оболу эмгек миграциясы, анын ичинде билим берүү миграциясы (Борбордук Азиянын жаштары Европада билим алышат) тууралуу айтып жатабыз. Максаттарыбыздын дагы бири - бул мыйзамдуу миграцияны алга жылдыруу жана мыйзамсыз миграциянын каналдарын жоготуу”.

Андан соң чогулгандар менен БААУнун Тянь-Шань аналитикалык борборунун аткаруучу директору Канат Султаналиев жылуу учурашып, мындай деди: “Тянь-Шань аналитикалык борбору 2011-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Биздин милдетибиз Борбордук Азиянын туруктуу бекем өнүгүүсүндө эң көйгөйлүү темаларда иликтөөлөрдү ишке ашыруу болуп саналат. Миграция боюнча иликтөөлөрдү иштеп чыгууда колдоо көрсөткөндүгү үчүн Ханнс Зайдель Фондуна ыраазычылык билдиребиз”.

“Борбордук Азия боюнча жыйнак-2023түн” экинчи басып чыгарылышында жумушчу топ миграциянын заманбап тенденцияларынын калыптанышын жана алардын таасири алдындагы миграциялык саясаттардын Борбордук Азия өлкөлөрү менен Россияда өнүгүүсүн күзөтүп барат, мигранттар чыккан жана багыт алган өлкөлөрдүн координацияланган миграциялык саясатын иштеп чыгуу боюнча өз-ара кызматташуусун белгилейт. Мындай саясат COVID-19 дун кесепеттеринин таасиринини алдында гана эмес (Биринчи миграциялык жыйнак - 2020), ошондой эле Ооганстандагы жана Украинадагы окуялардын таасири менен ишке ашканы түшүнүктүү. Алардын биздин аймактагы миграциялык тенденциялардын калыптанышына тийгизген таасири экинчи Миграциялык жыйнакта чагылдырылган (2023).

Иликтөөлөрдүн авторлору Лейла Деловарова (Казакстан боюнча бөлүм), Татьяна Злобина (Кыргызстан боюнча бөлүм), Дмитрий Полетаев (Россия жана Түркмөнстан боюнча бөлүмдөр), Саодат Олимова (Тажикстан боюнча бөлүм), Людмила Максакова (Өзбекстан боюнча бөлүм) атайын бет ачарларды жасашты.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028