ֱ

БААУнун футзал боюнча командасы экинчи орунду ээледи

БААУнун футзал боюнча командасы экинчи орунду ээледи

7&Բ;марта&Բ;2024

Бишкекте 12-февралдан 27-февралга чейин билим берүү системасынын кызматкерлери арасында “Ден-соолук 2024” спартакиадасы өткөрүлдү. Иш-чара КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты тарабынан уюштурулду. Мелдеш спорттун жети түрү боюнча орун алды: футзал, волейбол, стол тенниси, шахмат, стритбол, ордо жана тогуз коргоол.

Футзал боюнча таймаштарга 45 жаштан жогорку жаш курактагы категорияда Борбордук Азиядагы Америка университетинин командасы да катышты. Бул таймаштарда ошондой эле К. Скрябин атындагы КУАУ, Азиялык медициналык университет, Ж. Баласагын атындагы КУУ, И. Арабаев атындагв КМУ, И. Ахунбаев атындагв КММА, К. Карасаев атындагв БГУ жана И. Раззаков атындагы КМТУнун командалары да ат салышты.

Айлампа системасы боюнча орун алган айыгышкан күрөштө БААУнун командасы КУУ жана БГУнун командаларын гана алга кое берүү менен байгелүү экинчи орунду камсыздады. Мындай ийгиликке команда 3 жылдын ичинде жетишип отурат. Бул жетишкендик БААУнун командасына жайында Ысык-Көлдө өтүүчү республикалык спартакиадага катышуу мүмкүнчүлүгүн берди.

БААУнун коомчулугу футзалдык команданы байгелүү экинчи оруну менен куттуктайт жана жаңы ийгиликтерди каалайт!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028