ֱ

Тагай Тазабековдун БААУда конок лекциясы

Тагай Тазабековдун БААУда конок лекциясы

22&Բ;января&Բ;2024

31-январда БААУда LimonKG`нин негиздөөчүсү Тагай Тазабеков конок катары келип лекция окумакчы. Лекциянын темасы: “Медиабизнес ичинен кантип курулат?”

Тагай Тазабеков БААУнун “Бизнес - администрациялоо” факультетин 2004-жылы аяктаган. Университетти бүтүргөндөн кийин AKIpress (www.akipress.org) маалыматтык агенттигинде ар кандай кызматтарда эмгектенген - котормочу, башкы редактор, маркетинг боюнча менеджер, сатуу бөлүмүнүн жетекчиси, коммерциялык директор. Ал эми 2019-жылы - Limon Media`ны түптөгөн.

Андыктан студенттерде медиабизнес деген эмне, ал эмнеге негизделген, анын кандай өзгөчөлүктөрү бар экендиги тууралуу билүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Ошондой эле медиабизнестин кантип иштеши, медаиазыктын негизги принциптери кандай жана аны алга жылдыруунун ыкмалары, Limon Media`да тажрыйба арттыруу жолдору жана жумушка орношуу жөнүндө айтылат.

Лекцияга “Экономика”, “Журналистика”, “Маркетинг” адистиктери боюнча билим алып жаткан 3-4-курстардын студенттери чакырылат.

Датасы: 31-январь

Убактысы: 10:00

Өтүүчү жайы: БААУнун жыйындар залы

Кирүү акысыз

Лекциянын тили – орус тили

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028