ֱ

Фатима Эркинова: “Мен үчүн Чыңгыз Айтматов - элибизди түшүнүүнүн ачкычы”

Фатима Эркинова: “Мен үчүн Чыңгыз Айтматов - элибизди түшүнүүнүн ачкычы”

13&Բ;декабря&Բ;2023

##китепкана##library

“Эл аралык жана бизнес укук” факультетинин экинчи курсунун студенти Фатима Эркинова Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан алган таасирлери менен бөлүшөт.

– Чыңгыз Айтматовдун китептерин кичине кезимде эле 13-15 жаштарымда окуп баштагам. Анын чыгармалары мени ошол мезгилден тарта коштоп келет.

Чынгыз Айтматов – менин дүйнө таанымымды, дүйнө сезимимди калыптандырган автор десем жаңылышпайм.

Жакында “Саманчынын жолу” повестин кайра окуп чыктым жана дагы бир ирет көзүмө жаш алдым. Бул кыргыз жана дүйнө адабиятынын шедеври!

Анын чыгармачылыгында чындык жана жан дүйнөнүн энергиясы айкалышат деп эсептейм.

Чыңгыз Айтматовдун ааламысыз, анын адабиятысыз заманбап адам кедей болмок. Биздин өлкөнүн ХХ кылымдагы тарыхын Чыңгыз Айтматов чагылдыргандай бир да автор чагылдыра алган эмес.

Мен үчүн Чыңгыз Айтматов - элибизди түшүнүүнүн ачкычы.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028