ֱ

“Европа таануу” факультетинин декабрь айындагы иш-чаралары

“Европа таануу” факультетинин декабрь айындагы иш-чаралары

11&Բ;декабря&Բ;2023

#европатаануу#es

Европалык тилдер күнүн белгилөөнүн алкагында “Европа таануу” факультети баштапкы деңгээлдеги экинчи чет тилин иликтеп жаткан студенттер үчүн ExcellentPerformanceAward сынагын уюштурду. 45 катышуучу төмөнкү европалык тилдерде поэмаларды тартуулашты – француз, испан жана немис.

Факультеттин студенттеринен турган комиссия чыгууларды төмөнкү критерийлер боюнча баалады: айтуу жана ритм, актёрдук чеберчилик (жаңсоо, мимика, көркөмдүк), эстеп калуу сапаты жана чыгуунун дизайны (костюм, музыка).

Жеңүүчүлөрдүн ысымдарын атай кетели:

Француз тили

1-орун:Кенчибаева Сати

2-орун:Леена Ал-Азаб

3-орун:Гизатулина Эвелина

Окутуучулардын сыйлыгы:Фаросатшоева Адина

Немис тили

1-орун:Рыбакова Камила

2-орун:Скакун Екатерина

3-орун:Казыбеков Айдар

Окутуучулардын сыйлыгы:Тогузакова Назима-Бегим

Испан тили

1-орун:Сарыкова Алтынай

2-орун:Жумабаева Аниса

3-орун:Пиагай Наен

Окутуучулардын сыйлыгы:Осмонова Азем

Мындан тышкары атайын сыйлыктар да тапшырылды:

Гран-приАскарбеков Нурдөөлөткө тапшырылды

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү деп Ырысалиев Адилет табылды

Креативдүү өнөрү үчүн Мирзожалолова Шахноза сыйлыкка арзыды

Биз поэма жаттап, слайд-шоу жана коштогон музыканы тандап, эл алдына чыгып сүйлөө сыяктуу талыкпаган чоң эмгек жасаган жеңүүчүлөрдүн баарын куттуктайбыз! Браво!

Көп тилдүү студенттик изилдөөчүлүк конференция - “Европа таануу” факультетинин декабрь айында орун алган дагы бир иш-чарасы. Конференциянын темасы “Европалык маданий борборлор 2023-2024” болду. Европада 2023-2024-жылдын маданий борбору катары 3 шаар тандалып алынган: Грециядагы Элефсина, Венгриядагы Вешпрем жана Румыниядагы Тимишоара. Конференция үчүн студенттер англис жана немис тилдеринде чыгууларды даярдашкан. Алар академиялык коомчулукка Европадагы байлыктар менен маданий ар тараптуулукту белгилеген эстеликтерди жана аянттарды, соборлорду жана китепканаларды, сейил бактарды жана чарбалык жерлерди, университеттерди жана фестивалдарды, маданий иш-чараларды тартуулашты. Маданий иш-чаралар аталган шаарларды кайра жаратуу, туристтерди тартуу жана Европанын жашоочуларынын келечек муундары үчүн маанилүү иш жасоо максатында жасалды.

Конференциянын студент-катышуучулары болочок адистерди даярдоо жана өнүгүү үчүн маанилүү болгон өзүлөрүнүн изилдөөчүлүк иштерди жасоо жөндөмдүүлүктөрүн жана эксперттер менен байланышуу ыкмаларын көргөзүштү. Конференциянын ар бир катышуучусу сертификат менен сыйланды.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028