ֱ

БААУнун Жаңы муун академиясынын кайрымдуулук акциясы

БААУнун Жаңы муун академиясынын кайрымдуулук акциясы

28&Բ;ноября&Բ;2023

#анп#NGA

Өткөн жума күнү, 24-ноябрда Жаңы муун академиясы (NGA) салтка айланган NGA Food Drive кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Быйыл ал AUCA Muslim Community жана AUCharity Club менен биргеликте өткөрүлдү.

Эң алгачкы мындай акция 2018-жылы уюштурулган. Дал ошол мезгилде академиянын студенттери түштөнүү учурунда өзүлөрү жасаган тамак-аштарды сатууну чечишкен. Ал эми түшкөн каражаттарды балдар үйүнө кайрымдуулук жасоону максат кылышкан.

Бул ирет 36 500 сом чогулуп, ал каражаттардын баары Беловодск балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028