ֱ

БААУнун профессору Сыргак Кыдыралиев аймактардагы окуу жайлары менен тажрыйба бөлүшөт

БААУнун профессору Сыргак Кыдыралиев аймактардагы окуу жайлары менен тажрыйба бөлүшөт

24&Բ;ноября&Բ;2023

#математика#math


Биз буга чейин кабарлагандай, өткөн аптада БААУнун кызматкерлеринен жана “Колдонмо математика жана информатика” факультетинин окутуучусу, профессор Сыргак Кыдыралиевден куралган командасы Нарында иш-сапары менен болуп кайтты. Иш-сапардын алкагында Сыргак Капарович С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде окутуучулар жана жергиликтүү окуу жайлардын билим алуучулары үчүн лекция окуду. Мындан тышкары профессор В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясында конок болду.


Быйыл “Финанс жана инвест эсептер” китеби жарык көрүп, анын авторлорунун бири - Сыргак Кыдыралиев. Китеп Кыргызстандын калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Китепти басып чыгарууга “Компаньон” банкы колдоо көрсөткөн. Лекциянын алдында банктын кызматкерлери катышуучуларга чакан белектерди жана албетте “Финанс жана инвест эсептер” китебин тартуу кылышты. “Банк Компаньон” ЖАКынын Нарындагы филиалынын директору бул саамалык тууралуу буларды белгиледи: “Банктын Кыргызстандын калкынын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлору көп. Алардын бири - бүгүнкү иш-чара. Банк “Финансы жана инвест эсептер” китебинин демөөрчүсү болгон жана анын мазмууну банктын миссиясына төп келет. Биз бул багытта андан-ары да иш алып бармакчыбыз”. Китептердин бир бөлүгү С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик унвиерситетинин илимий китепкана фондуна өткөрүлүп берилди.


Ошондой эле Сыргак Капарович катышуучуларга “БААУнун математикалык олимпиадаларынын маселелер жыйнагы” китебинин интерактивдүү электрондук версиясын тартуулады. Анын басма варианты 2021-жылы жарык көрүп, окуучулар менен мугалимдердин арасында чоң кызыгууну жараткан. Китептин өзгөчө белгиси - ал маселелерди гана эмес, ошондой эле деталдуу талдоо жана кенен чечимдерди камтыйт. Эми окуучулар менен мугалимдерде аталган маселелер жыйнагын пайдалануу мүмкүнчүлүгү жаралды. Шилтеме: .


Ачык лекцияда Сыргак Капарович “Жандуу математика” китептер топтому жөнүндө да айтып берди. Анын милдети - башталгыч класстардын окуучуларын математикалык билимдер менен кызыктуу түрдө тааныштыруу. Бул топтомдон азырынча эки китеп басып чыгарылган: “Шалгам” жана “Үч жомок”. Мына ошол эки китептин бири болгон “Үч жомок” да катышуучуларга белекке берилди. Бул китептин өзгөчөлүгү: ал үч тилде жазылган - кыргыз, орус жана англис тилдеринде. Андыктан китеп аталган тилдерди үйрөнүү үчүн да колдонмо болуп бере алат.

Андан соң В.П. Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясына визит орун алды. Бул шаардын эң эски окуу жайларынын бири, өткөн жылы мектеп өзүнүн 90 жылдыгын белгилеген. Бирок мектептин тарыхы андан да мурда 1911-жылы орус-туземдик мектеп ачылганда эле башталган. Ал эми атактуу учкуч, Советтер Союзунун Баатыры Валерий Павлович Чкаловдун атын мектеп ал курман болгон 1937-жылы алган. Бүгүнкү күндө мектепте эки миңден ашуун окуучу билим алат. Окуу жайдын педагогикалык жамааты да көп сандаган, мында математиканы гана 10 мугалим окутат. Мектептин окуучулары ар кандай олимпиадаларга, сынактарга катышып байгелүү орундарды ээлеп келишет, ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, Алтын сертификатттарды утуп келишет. Гимназияда балдарды тарбиялоого багытталган коомдук иштер да алып барылат. Аталган мектептин бүтүрүүчүсү катары Сыргак Капарович өз мектеби менен байланышты үзбөстөн, ар дайым өзүнүн окутуу, изилдөө жана китеп жазуудагы бай тажрыйбасы менен бөлүшүп келет. Бул ирет Сыргак Капарович мектебине бир нече китептерди, маселелер жыйнагын жана математика жөнүндө чыгармаларды өткөрүп берди. Жолугушуу учурунда кызыктуу пикир алмашуу орун алып, мугалимдер кызыктырган суроолорун узатышты. Алардын басымдуу көп бөлүгү жогорку класстардын окуучуларын математикалык олимпиадаларга жана ЖРТга кантип даярдоо тууралуу болду.

БААУнун командасынын Нарынга болгон иш-сапары абдан каныккан жана жемиштүү болду. Кыска убакыттын аралыгында чоң көлөмдөгү иштерди жасоого, аймактын окуу жайлары менен тажрыйба жана мүмкүнчүлүктөрдү бөлүшүүгө жетишилди. Иш-сапар ЖОЖдордун ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028