ֱ

БААУнун Студенттик арноо кечеси-2023

БААУнун Студенттик арноо кечеси-2023

16&Բ;ноября&Բ;2023

14-ноябрда Токтогул Саптылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы БААУнун руху менен толуп-ташты. БААУнун Студенттик арноо кечеси-2023 чоң окуяга айланды. Ал өзүнө буларды камтыды: Тимоти О'Коннордун БААУнун жаңы президентинин кызматына киришүүсү, биринчи курстун студенттеринин БААУнун студенттеринин арноосу, ошондой эле студенттик сенаттын жаңы курамынын инаугурациясы. Мындай маанилүү окуяга күбө болуу үчүн бүт университеттик коомчулук чогулуп, көптөн күтүлгөн жыл сайын өтүүчү салтанат толкундоолорго бай болду.


Салтанаттын расмий бөлүгүн БААУнун вице-президенти Чынгыз Шамшиев ачты. Ал өз сөзүн биринчи курстун студенттерине кайрылуу менен баштап, аларды куттуктоо менен бирге жылуу каалоо-тилектерди жолдоду: “Кымбаттуу биринчи курстун студенттери! Силер окутуу, изилдөө, достук, долбоорлор жана шериктештик жактан алып караганда каныккан жана кызыктуу укмуштуудай саякатты баштадыңар”. Андан соң Чынгыз Шамшиев сахнага Тимоти О'Коннорду чакырып, шаңдуу кол чабуулар астында Борбордук Азиядагы Америка унвиерситинин президенттик символикасын тапшырды.


“Менин президенттик кызматка дайындалганыма бир нече айдын жүзү болсо да, бул кыска убакытта университеттин рухун сезүүгө жетиштим. Кесиптештеримдин чакыруусун кабыл алып жатып, БААУнун баалуулуктуу багыттары менен багыттарыма дал келерин билгем. БААУнун миссиясы адилеттүү, өсүп-өнүккөн, ачык жана жыргал турмуштагы коомду түзүүнү түшүнгөн жана ал үчүн жоопкерчиликтүү болгон жогорку квалификациялуу адистер менен жогорку билимдүү жарандарды даярдоодо жатат”,- деп билдирди БААУнун президенти Тимоти О'Коннор.


Расмий бөлүктүн аягында айтылуу “Mirrors” театрынын эч кимди кайдигер калтырбаган укмуштуудай чыгуусу орун алды. Артисттер БААУнун соңку 30 жылдагы мурасына арналган өзүлөрүнүн жаңы “Мурастар толкуну” аттуу шоу-программасын тартуулашты. Шоу БААУнун бай тарыхын даңазалап, “Mirrors” тетарынын буга чейинки бардык чыгууларынын элементтерин укмуштуудай баяндоого бириктирген креативдүүлүк менен таланттын демонстрациясы болду.


“Мурастар толкуну” БААУнун негизделген күндөн тарта канчалык алыска барганын эске салып, университеттин чыгармачылыкты жана көркөм өзүн-өзү көрсөтүүнү өнүктүрүүнү жактоосун дагы бир ирет баса белгиледи. Чынында бул БААУнун мурасына арналган татыктуу өнөр көрсөтүү болду. Баары “Mirrors” тетарынын университеттин маанисин сахнада чагылдырып бергенинен чексиз кубанычта болушту.


БААУнун Арноо кечеси-2023 жетекчиликтин алмашуусу менен окууга өткөн биринчи курстун студенттери үчүн жаңы барактын башталышын белгилеген эстен кеткис окуя болду.
















<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028