ֱ

БААУда илимий-практикалык конференция өтөт

БААУда илимий-практикалык конференция өтөт

13&Բ;октября&Բ;2023

#цга#CCE

“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 2050-жылга чейин КӨМҮРТЕКТИК НЕЙТРАЛДУУЛУККА ЖЕТИШҮҮСҮНҮН ПЕРСПЕКТИВАЛАРЫ ЖАНА МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ” темасында ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮЛҮК КОНФЕРЕНЦИЯ
Студенттерди, окутуучуларды, окумуштууларды, илимий-изилдөөчүлүк институттардын кызматкерлерин, докторанттарды, магистранттарды жана кызыкдар тараптардын баарын БААУда 2023-жылдын 20-октябрында өтүүчү илимий-изилдөөчүлүк конференцияга чакырабыз.

ДАТАСЫ: 20-октябрь 2023-жыл
УБАКТЫСЫ: 09:00 – 17:00
ӨТҮҮЧҮ ЖАЙЫ: БААУ, Жыйындар залы (4-кабат)

Иш-чара БУУнун КРдагы Өнүктүрүү программасы тарабынан Кыргызстандын Жашыл альянсы, Green4, Жашыл экономика жана туруктуу бекем өнүктүрүү үчүн ЖОЖдордун альянсы менен биргеликте БААУ Center for Civic Engagement менен өнөктөштүктө уюштурулууда.


Конференциянын тематикалык багыттары - төмөнкү секторлордо көмүртектик нейтралдуулукка жетишүү:
• Айыл-чарбасы,
• Токой чарбасы жана жана био ар тараптуулук,
• Жер иштетүүнүн башка түрлөрү,
• Энергетика,
• Суу ресурстарынын, өзгөчө кырдаалдардын өз-ара аракеттенишүүсү, соода-сатык коопсуздугу,
• Гендердик аспектилер жана башкалар.

Конференциянын тилдери: кыргыз, орус, англис тилдери.

БААУнун жана анын Инновациялык колледжинин окутуучулары менен кызматкерлеринин билдирүүлөрүнүн топтому орун алат.
Конференция БУУнун Өнүктүрүү программасынын “Улуттук деңгээлде салымды аныктоо жана көмүртектик нейтралдуулуктун 2050-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиясы планын ишке ашырууну” иштеп чыгуу боюнча “Климаттык перспектива” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Конференциянын программасы: .

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028