ֱ

“Кино, телевидение жана медиаискусстволор” факультети

“Кино, телевидение жана медиаискусстволор” факультети

28&Բ;июля&Բ;2023

##tcma

“Кино, телевидение жана медиаискусстволор” факультетинин студенттери окутуу учурунда сахна чеберчилиги, оператордук иш, монтаж, режиссура жана фото жана видеого тартуунун техникалык жоболорунун теоретикалык жана практикалык ыкмаларын алышат.

Факультеттин өзгөчөлүгү болуп студенттердин алмашуу программаларынын негизинде АКШ жана Европада бир семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгүн алуу эсептелет. Ошондой эле окутуу программасы шаймандар менен камсыздалган практикалык тапшырмаларга багытталган.

Ушулар тууралуу видеодо “Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультетинин студенттери жана факультеттин жетекчиси Адилет Каржоев айтып берет.

“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети БААУнун эң жаш факультеттеринин бири болуп эсептелет – ал 2016-жылы түптөлгөн. Программанын миссиясы – Борбордук Азиянын медиа тармагында кесипкөйлөрдүн жаңы муунун тарбиялоо.

Окутуу учурунда билим берүү, жаңылыктар, жарнама, ошондой эле башка чыгармачылык жана кесипкөйлүк ишмердүүлүктөрүндө медиа азыктарды жаратуу үчүн заманбап платформалар менен технологиялар колдонулат. Сизге маркеттингдик жана жарнама агенттиктери, телекомпаниялар, киностудиялар, радиостанциялар, онлайн-платформалар, мамлекеттик түзүмдөр, өкмөттүк эмес бирикмелер жана Эл аралык уюмдар сыяктуу потенциалдуу жумуш берүүчүлөрдүн кенен чөйрөсү үчүн сапаттуу мультимедиалык азыктарды өндүрүүнү үйрөтүшөт.

Факультеттин бүтүрүүчүлөрү билим алуусун АКШ, Европа жана Азиянын магистратура менен докторантураларында уланта алышат. Же болбосо өзүлөрүнүн долбоорлорун түрдүү багыттарда ишке ашыра алышат.

Программа жөнүндө толук маалыматтарды көрүп алыңыз: https://auca.kg/en/tcma/. Электрондук почта: tcma@auca.kg.

Окууга тапшыруу тууралуу кенен маалымат алуу үчүн чалгыла жана жазгыла:

+996 770 00 41 13 (WhatsApp)

admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:

+996 220 01 90 18

finaid@auca

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028