ֱ

БААУнун Жаңы муун академиясынын стипендиалдык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды

БААУнун Жаңы муун академиясынын стипендиалдык программасына өтүнмөлөрдү кабыл алуу ачылды

1&Բ;марта&Բ;2023

#NGA

Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарынан келген орто мектептердин 25 бүтүрүүчүсүн толук стипендия менен камсыздайт.

ЖМАнын стипендиялык программасы студенттин төмөнкү чыгымдарын камтыйт:

  • ЖМАда бир жылдык окуунун толук баасын
  • Жатаканадагы жашоосун
  • Ай сайын төлөнүүчү стипендиясын.

Стипендиялык программага документтерди кимдер тапшыра алат?

Талапкерлер төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

  • Тапшыруу учурунда Кыргызстанда жашоосу жана КРнын жараны болуусу керек.
  • Англис тилин орто деңгээлде билиши керек.
  • 2022/2023-окуу жылында орто мектептин/колледждин бүтүрүүчүсү болушу керек.

ЖМАнын стипендиясына кантип тапшыруу керек?

I кадам: Стипендия алуу үчүн талап кылынган документтерди жана арыз формасын 2023-жылдын 13-майына чейин тапшыруу керек.

II кадам: Англис тилинин деңгээлин аныктоочу тест тапшыруу жана аңгемелешүүдөн өтүү керек.

Анкетаны жана документтердин тизмесин биздин веб-сайттан тапсаңыздар болот

Анкетаны жана документтердин тизмесин биздин веб-сайттан тапсаңыздар болот

МААНИЛҮҮ: Экинчи турга өткөн абитуриенттер гана тестирлөөгө жана аңгемелешүүгө чакырылат.

ЖМА менен кыялдарыңызды орундатууга бет алыңыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028