ֱ

Get Engaged 2022 конференциясынын алкагында постер-сессия

Get Engaged 2022 конференциясынын алкагында постер-сессия

24&Բ;июня&Բ;2022

##osun

Дүйшөмбү, 27-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинин форумунда (1-кабат) саат 16:00дөн 17:30га чейин Get Engaged 2022 конференциясынын алкагында постер-сессия орун алды.

Быйыл конференцияга дүйнөнүн ар кандай өлкөсүнүн 16 университетинин 90дон ашуун студенти катышууда.

Постер-сессиянын убагында STEM, экология жана социалдык инклюзия тармагында мыкты инновациялык долбоорлордун бет ачарлары жасалат. Катышуучуларга дүйнөнүн бардык булуң-бурчунун студенттери менен баарлашуу жана ачык коом университеттер түйүнүнүн студенттери, окутуучулары жана кызматкерлеринин коштоосунда даам сызуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.

Get Engaged 2022 конференциясы - АКШнын Бард-колледжинде өткөрүлчү лидерликтин программасы. Ал Кыргызстанда биринчи ирет уюштурулууда. Get Engaged 2022 бакалавриаттын студенттерин коомдук мүнөздөгү глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө аралашкан лидерлер менен инноваторлордун ааламдык түйүнүн бекемдөө үчүн бириктирет. Конференциянын максаты бакалавриаттын бардык студенттерин бириктирүү жана алардын долбоорлорду эффективдүү алып баруу үчүн лидерлик жана бет ачарларды жасоо ыкмаларын бекемдөө болуп саналат.

Каалоочулардын баары аталган иш-чарага катышууга чакырабыз. Кирүү акысыз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028