ֱ

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү студенттер менен жолугушту

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү студенттер менен жолугушту

3&Բ;марта&Բ;2021

#NGA

Силер менен БААУнун Жаңы муун академиясынын (ЖМА) жылуу сүрөттөрүн бөлүшөбүз.

“Ар бир үйдүн өз салттары болот. ЖМАда мындан куру эмес”

ЖМАда бүтүрүүчүлөр студенттерге ар дайым колдоо көргөзүшөт, акыл-насаатын айтышат жана уникалдуу тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Учурда ЖМАнын студенттери жакында боло турган БААУнун кабыл алуу сынактарына кызуу даярданып жатышат. Быйыл окутуунун онлайн форматына байланыштуу балдарга бир топ эле кыйын болуп атат.

Белгилүү болгондой, мотивация жана туура маанай - ийгиликтин негизи.

Биз студенттерибизге жардам берүү максатында ЖМАнын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүн чакырып, тренинг уюштурдук. Алар сынактарга даярдануу, стрессти жеңүү жана керектүү түргө басым жасоо боюнча уникалдуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Жакындан таанышуу жана жакындап келаткан стресстен алаксуу үчүн балдар оюндарды уюштурушту.

ЖМАнын стипендиат-студенттердин тренинги үй-бүлөлүк жылуулук, сүйүү жана биздин ЖМА үй-бүлөбүздүн ар бирине кам көрүүчүлүк атмосферасында өттү,- деп билдирет академия инстаграмдагы өз баракчасында.

БААУнун Жаңы муун академиясы

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028