ֱ

Ура! Ура! ЖМАнын студенттери биринчи жолу бири-бири менен жүз көрүштү

Ура! Ура! ЖМАнын студенттери биринчи жолу бири-бири менен жүз көрүштү

26&Բ;января&Բ;2021

#NGA

Ура! Ура! Биздин жаңы муун академиябыздын (ЖМА) студенттери бири-бири менен жүз көрүшүштү!

ЖМАнын ар бир окуу жылынын алдында студенттер группаларга бөлүнүп, ар бир студентке #АНП логотиби бар “айтылуу” футболка берилет. Ар бир группанын өзүнө таандык түсү болот.

Быйыл эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу студенттер онлайн билим алышып, бири-бири менен виртуалдык түрдө гана тааныш болушкан. Бирок биз ага карабастан, салтка айланган жолугушууну салттык эмес форматта уюштурдук. Албетте Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамаларынын негизинде. Иш-чара кампустун жанында ачык асман алдында өткөрүлдү.

Келе алгандардын баарына ЖМАнын администрациясы футболкаларды белекке берди. Катышуучулар жеке таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Аймактардагы студенттерге футболкаларды туугандары аркылуу берип жибердик.

Өзүңүздөр күбө болгондой, жолугушуу ойдогудай өттү. ЖМАнын үй-бүлөсүнүн көп сандаган кубанычтуу жана бактылуу жүздөрүн көрүү абдан жагымдуу болду.

ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү студенттер менен жолугушту

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028