ֱ

Эл аралык конференция тууралуу маалымат кат

Эл аралык конференция тууралуу маалымат кат

6&Բ;октября&Բ;2015

Эл аралык конференция тууралуу маалымат кат

Борбордук Азиядагы 1916-жылкы көтөрүлүштү кайрадан иликтөө

Күнү: 20-21-май, 2016-жыл

Уюштуруучулар:

Кыргыз-Түрк “Манас” Университети (“Манас” КТУ)

Борбордук Азиядагы Америка Университети (БААУ)

Борбордук Азия Университети (БАУ)

Борбордук Азиядагы француз изилдөө институту (БАФИИ),

“Айгине” маданий-изилдөө борбору (“Айгине” МИБ)

Өтүүчү жайы:

Кыргыз-Түрк “Манас” Университети жана Борбордук Азиядагы Америка Университети, Кыргызстан, Бишкек.

2016-жылы Борбордук Азияда болуп өткөн 1916-жылкы көтөрүлүшкө 100 жыл толот. Бул чөлкөмдүн тарыхында падышалык Орусиянын колониялык бийлигине каршы чыккан эӊ кайгылуу жана мыкаачылык менен басылган 1916-жылкы көтөрүлүш бүгүнкү күнгө чейин толук изилденип бүтө элек. Көтөрүлүш империялык бийликтин жергиликтүү калкка таңуулаган экономикалык жана социалдык теңсиздигинен улам келип чыккан. Бул адилетсиз саясат жергиликтүү элди оор абалга дуушар кылып, айыл чарба өндүрүшүнө чоӊ зыян келтирип, орус колонизаторлору менен жергиликтүү көчмөн малчылар жана дыйкандардын ортосундагы жер ресурстарына болгон талашты күчөтүп, миӊдеген элди качкынга айланткан. Анан дагы, көтөрүлүш империянын борборунан алыс жайгашкан жерлеринде жана метрополиянын саясий мейкиндигин өзгөрткөн эки революцияны утурлай чыккандыктан, Петр Холкист мүнөздөгөндөй “Россиядагы каатчылык замандын бир тилкеси” болгон.

Бул конференцияга катышуу үчүн көтөрүлүштү тарыхый жана ар башка дисциплинардык өӊүттөн карап, ар тараптуу изилдеген дасыккан окумуштуулар менен жаш аспиранттарды чакырабыз.

Биз сунуштаган тематикалык багыттар төмөнкүлөр, бирок булар менен гана чектелбейт:

Көтөрүлүштүн аймактар аралык динамикасы. Зордук-зомбулуктун көлөмүн жана чыр-чатактардын чыгуу убактысын аныктоодо отурукташкан калктын территориалдык жактан жайгашуусу менен социалдык курамы кандай роль ойногон? Борбордук Азиянын дыйканчылык жана мал чарбасы менен алектенген аймактарында болгон кагылышуулардын уюштурулушунда жана мүнөзүндө кандай айырмачылыктар болгон? Биринчи дүйнөлүк согуштан кийинки экономикалык каатчылык көтөрүлүшкө кандай таасир тийгизген? Көтөрүлүш аймактагы Совет бийлигинин жүргүзгөн улуттук саясатына кандай таасир тийгизген?

Көтөрүлүшкө катышкан элдин жеке жана коллективдик тажрыйбасы. Кагылышуунун гендердик же/жана этникалык масштабы кандай болгон? Чатакташкан эки тарап көтөрүлүшкө кандай жооп кылышкан жана башынан өткөн окуяларды кандай сүрөттөшкөн?

Көтөрүлүштү эскерүү. Көтөрүлүштү жалпы эл кандайча эскерип келет? Расмий мамлекеттик жана берасмий коомдук эскерүүлөрдүн айырмасы кандай?

Расмий көз караш. Советтик доордо көтөрүлүшкө болгон көз караш кандай болгон жана убакыттын өтүшү менен ал көз караш эмне үчүн жана кандайча өзгөрдү? Эгемендүүлүктү алгандан бери борбордук азиялык мамлекеттердин көтөрүлүшкө болгон көз карашы кандай болууда? Аймактагы көтөрүлүш чыккан шаар, кыштактарды салыштырганда алар бири-биринен эмнеси менен айырмаланган жана ага улуттук тарыхчылар кандай баа беришүүдө?

Көркөм өнөр жана адабият. борбордук азиялык жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр жана кинорежиссерлор көтөрүлүштү өз чыгармаларында кандай чагылдырышкан? Борбордук Азиянын 19-кылымдагы оозеки жана жазма булактарынан аймактагы падышалык колониялдык режим жана орус келгиндери жана көтөрүлүш жөнүндө кандай мааламаттарды алууга болот? Кытайга качууга аргасыз болуп, бөтөн жерде калган миңдеген орто азиялыктар кандай тагдырга дуушар болушкан? Кытай агылып келген качкындарды кандай тосуп алган?

Архивдер жана музейлер. 1916-жылкы көтөрүлүштү архивдик жана музейдик материалдар аркылуу да чагылдырууга болот. Көтөрүлүш жөнүндөгү архивдик булактар канчалык деңгээлде изилденген? 1916-жылкы окуяларга байланыштуу музейдик материалдар барбы? Музейдик коллекциялар менен көргөзмөлөр жергиликтүү тарыхты кандай чагылдырат жана алар кандай мааниге ээ?

Мына ушул сыяктуу темаларды изилдеген илимпоздордон 15 мүнөттүк докладдардын тексттерин кабыл алабыз. Катышууну каалагандар төмөнкү маалыматтарды жиберүүсү зарыл: 1) аты-жөнү, дареги, электрондук почтасы, иштеген жеринин аталышы камтылган бир беттен турган резюме; 2) докладдын аталышы жана саясий, экономикалык, этнографиялык жана тарыхый өӊүттөрдөн жазылып, так аргументтерди камтыган аннотация (500 сөздөн ашпаган кыргыз, орус же англис тилинде болуу керек).

Докладдары тандалып, кабыл алынган илимпоздордун жол кире жана мейманкана төлөмдөрүн толук же жарым-жартылай төлөп берүү мүмкүнчүлүгү караштырылат. Чет өлкөдөн келүүчү конокторго виза алуу үчүн чакыруу кат жиберебиз. Катышуу үчүн билдирмелер (заявка) 2015-жылдын 1 декабрына чейин, ал эми конференцияга тандалган докладдардын толук тексттери 2016-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат. Доклад жазуунун техникалык талаптары жөнүндө кошумча маалымат жиберебиз. Билдирмеңиздерди бул электрондук дарекке жибериӊиздер: 1916conference2016@gmail.com Кошумча суроолор болсо конференциянын уюштуруучуларына кайрылыңыздар: orgcommittee1916@gmail.com.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028