ֱ

БААУ бүтүрүүчүсү Ксения Леонтьева жакын арада университетке келип кетип, 5000 АКШ доллардык стипендияны 2015-жылы тапшыра турган бир жаңы студентке бере тургандыгын билдирди

БААУ бүтүрүүчүсү Ксения Леонтьева жакын арада университетке келип кетип, 5000 АКШ доллардык стипендияны 2015-жылы тапшыра турган бир жаңы студентке бере тургандыгын билдирди

8&Բ;сентября&Բ;2014

 

investment 

Ксения Борбордук Азиядагы Америкалык университетти 2003-жылы Америка таануу факультетин бакалавр даражасы менен жана Бизнести башкаруу факультетин кошумча түрдө аяктаган. Окуусунун акыркы семестринде 2 жылдык DAAD (Deatscher Akademischer Austausch Dienst – Германиянын академиялык алмашуулар кызматы) илимий-изилдөө стипендиясын алууга жолу ачылган жана Германияда магистратуралык программаны окууга жөнөгөн. Ал өзүнүн магистрдик даражасын 2006-жылы Бохумдагы Рур Университетинен Европа маданияты жана экономика багыты боюнча алган.

 

Ксения БААУда Европа таануу факультетинин студентине жардам көрсөткүсү бар, ошондуктан эмдиги жылы тапшыра турган бир студентти стипендия менен камсыздагысы келет. “Мен университетиме ыраазычылык билдирүү максатым менен стипендиялык фондго жардам көрсөтүү чечимин алдым. Анткени мен дагы өз убагымда Борбордук Азиядагы Америкалык университеттен (ал убакта Кыргызстандагы Америкалык Университеттен) стипендия алгам. Эгер бул жардам көрсөтүлбөгөндө мен бул окуу  жайында окуй алмак эмесмин. Мен муну өз ара жардам көрсөтүү, жардамдын уланышы үчүн аткаруудамын. Бул жардам чындыгында муктаж болгон студентке пайдалуу болот деген ойдомун”, деп Ксения оюн билдирди.

 

Ксения Германияда окуусун аяктаганга чейин, Америка Кошмо Штаттарына барып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. АКШда анын досу жашаган, кийин ал анын өмүрлүк жолдошуна айланган. Ксения: “Мен болочок жолдошум 2002-жылы Бишкекте жолуккам, мен “Habitat for Humanity” уюмунда стаждан өтүп жатканда ал мында кызмат кылган. Биз жылдар бою баарлашып жүрдүк. Мен магистратурамды бүтүрүп жатканда, үйлөнөлү деп чечтик. Ушинтип менен Флорида штатына келип, бул жерде жашап, иштеп жатам. Менин биринчи жумушум Балдар жана үй-бүлөлөр департаментинде болуп, социалдык жумушта 5 жылдай иштедим. Азыркы учурда “Монро аймагынын ветерандар менен байланыштары” уюмунда иш алып баруудамын”.

 

Маегибиздин аягында, Ксения БААУ студенттерине өз каалоосун билдиргиси келди.

“Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин урматтуу студенттери! Ишиңерде чоң ийгиликтердин болушун каалайм. Жашоодо өз ордуңарды, өз шыгыңарды тапканыңарды каалайм, эмне иш кылсаңар дагы, ошондон дайыма ыракат алып жүргүлө. Университетти аяктап жатканда, жонуңарга тажрыйба, ак ниет, дүйнөнү дүңгүрөтө турган дымагыңарды ала чыгыңыз. Кайра жолуккуча аман болуңуз!”

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028