ֱ

Маек

Маек

24&Բ;июня&Բ;2014

Маек

 

Бенджамин В. Сливка: “Ата-энем жана өмүрлүк жарым Лиза болгону үчүн абдан ийгиликтүүмүн – алар мага өз бактымды тапканга мүмкүндүк беришти”

 

Өз мекенинен жана үйүнөн он миң чакырым алыстыкты өтүп, АКШнан Кыргызстандын борбору Бишкекке сыйлуу мейман – программалык жабдууларды иштеп чыгарган, Microsoft компаниясында башкаруунун ийгиликтүү философиясын түзгөн, меценат, колунан бардыгы келген уста 54 жаштагы Бенджамин В. Сливка келген. Ал Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин президенти Эндрю Вахтелдин чакыруусу менен, 2014-жылдын бүтүрүүчүлөрүн куттуктоо, дипломдорду тапшыруу жана илимий даражаларды ыйгаруу салтанатына катышуу үчүн келген.

 

Шайыр студенттик жашоодон чоң турмушка кадам шилтеген бул салтанаттуу күндө, Бенджамин В. Сливка угармандардын алдына чыгып, өз үй-бүлөсү жөнүндө кыскача айтып берген. Бул кеп катардагы америкалык үй-бүлөгө таандык эмес. Бул кишинин өмүр баяны атактуу Билл Гейтс жана Стив Джобс сыяктуу кишилердин өмүр баяндары менен теңме тең. Бенджамин мырза компьютерлер жана программалар менен өтө кызыгып, анын бул кызыгуусу өмүрлүк кесибине айланган жана ага сүйүктүү жумушту, ынтымактуу үй-бүлөнү, токчулукту, турмуштук ийгиликти, ар түрдүү саякаттарды берген.

 

Ошондой эле бул баянды өзүн өзү бутуна тургузган кишинин өзүнүн оозунан уккан өтө кызыктуу болгон. Атак-даңктын жолу, тар, тайгак болору маалым. Жаш Бен үчүн дагы бул жол оңой болгон жок – иштин бардыгы биринчи жолудан эле оңунан чыга бербеди. Бен абдан бай эмес, көп балалуу, бирок абдан чыгармачыл үй-бүлөдөн болгон. Ал өзүнүн “америкалык кыялын” бала кезинен бери талыкпаган эмгек менен ишке ашырган. Бул кишинин мисалы каалаган багытта каалаган нерсеге жете аларыңызды көрсөтөт. Бирок эч нерсе кылбасаңыз, эч кандай жыйынтык көрбөйсүз. Бир нерсеге жетиш үчүн, аны чын дилиңиз менен каалашыңыз керек. Коюлган максатты көздөй жолду жүрүш керек. Бул жолдон эч качан тайбаш керек.

 

Ийгиликтүү кишинин өмүр баяны өз алдынча жол жүрүп баштай турган кишилердин биринчи кадамынын алдында чоң мааниге ээ болду.

 

Чыгармачыл ата-эне

Чоң атамдар АКШга 1904-жылы Украинадан, еврейлерди кырган падышалык желдеттерден качып келишкен. Чоң атам Чикагодо кийим тигүүчү болуп иштеген жана жашылча-жемиштерди сатып оокат кылган. Атам болсо Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда АКШ деңиз флотунда кызмат өтөгөн, милдетин аткарып бүткөндөн кийин музыканттын кесибин үйрөнүп, 20 жылдан ашуун Сиэтл Симфониялык Оркестринде иштеген.

 

Энемдин ата-теги АКШга негизинен Улуу Британиядан келишкен экен, Уильям Пенн аттуу кишиден 1700-жылдары жер сатып алышкан, ал аймактын аты азыр Пенсильвания Штаты катары белгилүү. Американын Көз карандысыздыгы үчүн согушка катышкан.

 

Чоң энем Чикаго Университетинде магистр даражасын болжол менен 100 жыл мурун алып, мектепте администратор болуп иштеген.

 

Энем 1950-жылы магистр даражасын алып, АКШда жана Австрияда китепканачы болуп 53 жыл иштеген.

 

Мен Сиэтлде, АКШнын түндүк-батыш тарабында  төрөлгөм. Ата-энем талыкпай эмгек кылган, кээде тамак-ашка да каражат жетпей калган күндөр болгон, бизде ыгы жок ысырап кылуу мүмкүн болгон эмес.

 

Атам өзүнүн бош убактысында жана пенсияга чыккандан кийин мыкты сүрөт тарткан, эмерек жасаган, майда чүйдө жыгачтардан үч гитара чапкан, кээде электроникага кызыккан – осциллоскоп менен түстүү телевизорду ар кандай аспаптар менен чукуп отуруп, өзүнүн электрондук-музыкалык синтезаторун жасап алган.

 

Энем тамак бышыруу, консервация, кол өнөрчүлүк менен алектенген, китеп окуп, классикалык музыка уккан. Энем мени, эгизимди, эки кичүү карындашымды тиккенге, өргөнгө, токуганга, сайма сайганга, тамак жасаганга, кир жууганга үйрөтүш үчүн көп аракет жумшаган.

 

Мектепте окуган мага кызыксыз болуп баштагандан кийин, убактымды башка кызыкчылыктарыма бөлүп баштадым. Кабелдүү ТВ, интернет, компьютердик оюндар, уюлдук телефондор пайда болгонго чейин көп китеп окуйт элем.

 

Менин бала кезимдеги эң жакшы көргөн китебим “Гримм бир туугандардын жомоктору” эле. Укмуштуу окуялардын жыйнагы биринчи жолу үч жүз жыл мурун Германияда басылып чыккан, мен бул китепти баштан-аяк көп жолу окугам.  Мага эң жаккан окуя үч бир тууган жөнүндө айтып берет. Алар биринин аркасынан бири өз бактысын издегенге жолго чыгышат. Ар биринде акылы менен жонундагы кийиминен башка эч нерсеси жок эле. Бир туугандардын ар бири өз жолунда ар кандай тоскоолдуктарга учураган. Улуусу менен ортончусу дайыма өзүнүн ач көздүгүнөн, бой көтөргөндүгүнөн же көйрөңдүгүнөн улам мүдүрүлүп жүрө беришкен. Ал эми кичүүсү болсо дайыма ак көңүл, жөнөкөй, кең пейил болгон. Кыйынчылыктарга карабастан аман калып, падышаны таң калтырып, кызына үйлөнгөн. Ошондон кийин мурда эч болуп көрбөгөндөй бактылуу жашап калган. Мен төрт баланын экинчиси болгонума карабастан, сөзсүз түрдө ошол кичүү уулдун жолун баскым келген.

 

Мен сүйүктүү ишимди эрте эле билип алгам.

 

Мен бир нерселерди жаратууну жакшы көргөм.

 

Алты жашымда Лего оюнчук кирпичтеринен машинелерди, учактарды, сепилдерди, кемелерди курчу элем. Он жашымда Экинчи Дүйнөлүк Согушта колдонулган учактардын, көбүнчө кыргыч жана жардыргыч моделдерин чогултар элем. Өспүрүм кезимде НАСА агенттиги Айга адамдарды учуруп жатканда, ракеталардын элүү чакты моделин өз колум менен жасап, ар түрдүү мелдешүүлөргө тапшырган элем.

 

Ортоңку жана жогорку класстарда жыгач, темир иштетүү, үй-чарбасын жүргүзүү, тамга терүү, техникалык чиймелерди чийүү, басмакана иштери боюнча абдан пайдалуу жана практикалык жөндөмдөрдү үйрөнүп алгам. 12 жашымда темирден кайык якорун жасап алгам.

 

14 жашымда араанын, бургунун ар кандай түрлөрүн, сүргүнү, башка майда-чүйдө курал-жарактарды, электр энергиясы жана газ менен иштөөчү ширетүүчү аппараттарды колдонгонду билгем.

 

Окуу, окуу жана окуу

Жогорку класстарда классташтарымдын көбү ар балээнин даамын татып башташкан.

 

Мен болсо ал учурда токтолуп, бир аз уялчаак элем. Андыктан сабакка көбүрөөк көңүл бөлүп, илимий-фантастикалык адабияттарды, “Scientific American” журналын окугам.

 

Баса белгилей кетчү нерсе, илимий фантастика акыл-эсимди келечектеги мүмкүнчүлүктөргө кандайдыр бир даражада багыттаган десем болот. Уэйн Дайердин “Your erroneous zones (Ката зоналарыңыз)” менин жашоого кылган мамилеме өзгөчө таасир калтырган. Жогорку класстарда “Ката зоналарды” окуп чыктым. Доктор Дайер кадыр эсе жөнөкөй сөздөрдү айтыптыр: “Өткөн мезгилден сабак алып, келечегиңди кура берсең болот, бирок муну сен азыр гана аткара аласың. Убактыңды бир нерсени жаратып өткөр” деген. Мен да бул ой-пикирди туу кылып, жолумду уланта бергем.

 

Окуу жана жумуш

Жогорку класстарда программа жазуу боюнча сабакка бардым. Мезгилден артынан кууп жүрүп, Вашингтон Университетинде өзүмдүн компьютердик эсебимди ачтым. Ал учурда компьютерлер абдан чоң болуп, бөлмөлөр менен тең болгон, чөнтөктөрүңөрдөгү азыркы телефондорго караганда алда канча жай иштеген. Эсебимди колдонуу үчүн, кеңеш-көмөк кызматын көрсөтүү менен төлөп бергем, компьютерлер боюнча кимге керек болсом, ошолордун бардыгына кеңеш-көмөгүмдү бергем.

 

Окуудан кийин Вашингтон Университетинин эсептөө борборуна чейин автобус менен 30 мүнөттө жетчүм. Бир нече саат иштеп, жумуштан кийин үйгө бир жарым саат жол жүргөм. Эс алуу күндөрүндө университетте 6-8 саат жүрчүм, жолго 3 саат коротчумун.

 

Ири ЭЭМ, ар түрдүү программалар менен иштегеним мага өтө чоң дем берип, Northwestern университетинин инженердик мектебине окууга тапшырдым. Ошондо эле, 1978-жылы компьютерлер менен иштегенди жакшы көргөнүмдү так-даана түшүнүп тургам. Компьютерлер тармагында иштегеним үчүн акчасын төлөгөнгө даяр кишилерди да тааныйт элем. Андыктан компьютер илиминде адистикти алууга баш салганым анык болгон.

 

Northwestern университетинин берешен колунан берилген акчалай жардамы мени окуу насыясын алгандан, жайында, окуу учурунда иштөөдөн куткарган жок. Дүкөндө оператор, юридикалык кеңседе иш жүргүзүүчү, ири фотопринтерлерди оңдоо устаканасында кампачы болуп иштеп көргөм. Бул жумуштарда көп акча таппасам дагы, чыныгы турмуш жөнүндө, мен өзүм жактырган иш жөнүндө көп нерсени билип алгам.

 

Контрол Дэйта Корпорэйшндин ири ЭЭМдеринде иштөө тажрыйбам менен Northwestern’дин компьютер борборунда жумушка оңой орношком. Жумасына он сааттан иштеп, эски темир столго жайгашып, студенттерге, аспиранттарга, окутуучуларга компьютерлердеги иштерин жасоого жардам берчүмүн. Студенттик төрт жылымдын ичинде абоненттерге 110-боддук модемдерди кантип тескөө керек экендигин түшүндүрүп, жол-жоболорду айтып берип жүрдүм. Адамдар жөнүндө жана алардын компьютерлерге кылгам мамилеси жөнүндө көптү билдим.

 

Үй-бүлөчү?

Акыркы курста бош убактым такыр калбай калган. Жумасына 15-20 саат чуркоо (окууда 400 метрлик спринт боюнча адистешип, колледждин чуркоо боюнча курама тобуна киргем), компьютердик борбордо 10 саат иштөө, математика жана компьютердик илимдер боюнча илимий даражаны алуу үчүн даярдануу, жумуш издөө менен алек болгом.

 

Канткенде да сүйүүгө да убакыт тапкам. Лизаны бир кечеде катуу сүйүп калгам. Ал биринчи курстун студенти эле, окууга келгени үч гана күн болгон. Кечеде ызы-чуу катуу болуп, биз тынч жерге чыктык, ал жерден бир аз сүйлөшкөндөн кийин, акылыма “мен бул кызга үйлөнөм!” деген ой чырт этип кирип келген. Тез эле бири-бирибизден ажырабас болуп калганбыз, акыры баш кошолу деп чечтик. Университеттеги эки досубуз менен Чикагого барып, бир сот башыбызды кошуп, никебизди каттап берген, анан кайра Эванстонго кайтып келгенбиз. Жатаканадагы досторубуз бизди шаан-шөкөт менен тосуп алышкан, бирок ошондо семестр ортосундагы сынактарыбыз бар эле, майрамдагандан кийин Лиза экөөбүз эки бөлөк бөлмөгө сынакка даярданалы деп кирип кеттик. Нике түнүн ошентип өткөргөнбүз.

 

“Мен дүйнөнү дүңгүрөткүм келген, бирок жетекчилерим мени тизгиндеп турган....”

Лиза экөөбүз дагы эле окуубузду улантып жатканбыз. Мен Нью-Йорк штатында Покипси шаарында IBMдин бөлүмүндө жумуш тапкам. 1982-жылы Нью-Йоркко көчүп кеткенбиз мен IBMдин башкы бөлүмүндө иштеп баштагам. Ал учурда IBM компьютердик техниканы өндүрүү боюнча дүйнөдөгү эң ири компания эле, 364 миң кишини иштеткен. Бир нече жума иштегенден кийин, бул жер мага көп жакпаганын түшүндүм. Бул компаниянын өзүнүн бир кызыктай, тобокелге салбаган, бюрократиялык маданияты бар эле. Мен программаларды жазып, дүйнөнү дүңгүрөткүм келген, бирок жетекчилерим мени тизгиндеп, катуу иштебей эле кой деп токтотушкан. Лиза да жаңы окуусун жактырбай жаткан эле. Ошентип, бир жылга жетпей, Лиза экөөбүз кайра Эванстонго кайтып келдик. Үй-бүлөнү багыш үчүн Northwestern компьютер борборунда толук ставкада иштеп баштадым.

 

“Менин биринчи компьютерим...”

Кампуста IBM’дин биринчи компьютерлери пайда болуп баштаган, ал эми 1984-жылдын башында Apple өзүнүн биринчи Macintosh компьютерин чыгарган. Лиза экөөбүз Макинтошту сатып алганбыз, алигиче менин биринчи компьютериме ээ болгонума кубанганымды эстейм. IBM менен Macintosh’то иштеп көргөндөн кийин, ири ЭЭМдердин доору өткөнүн, келечек чакан, микрокомпьютерлерге таандык болгонун түшүнгөм.

 

Microsoft’тогу жумуш жана башкаруунун жаңы философиясы

1985-жылы мен Microsoft компаниясынан жумушка орношуу сунушу берилген (Майкрософт 10 жылга толгон, 800 кызматкери иштеген, алигиче жабык типтеги компания болгон эле). Лиза экөөбүз компьютердик илимдер боюнча илимий даражаны июнь айында алып, Майкрософтто иштегенге өлкөнү кыдырып келгенбиз.

 

Ошол жылдын ноябрь айында Microsoft Windows 1.0 даяр болгон. Майкрософтто иштеген 14 жылдын ичинде мен OS/2, MS-DOS, Windows, Java, жана MSN долбоорлорунун үстүндө иштедим. Булардын кээ бирлери кирешени жакшы алып келген эмес, бирок мен булардын үстүндө иштеп, көптөгөн нерселерди үйрөнүп алгам.

 

1994-жылы Internet Explorer программасынын үстүндө иштеген топту түзгөнүм, аны 1996-жылы август айында IE 3.0 чыкканга чейин башкарганым менин Майкрософттогу эң бийик жетишкендигим деп ойлойм.

 

Мен  программалык жабдуу иштеп чыгарган 67 адистен жана программалык жетекчилерден турган топту түзгөм. Жетектөөнүн жөнөкөй философиясын иштеп чыккам: ачык-айкын максатты кой, тийиштүү жумушка тийиштүү кишини жумушка ал, мүмкүн болушунча жоопкерчиликтерди жана бийликти азайт, жол көрсөт, даанышман бол, кардарды алдыга кой.

 

Жетекчилигимдин жыйырма эки айынын он жетисинде жумасына 80-100 сааттан иштегем. IE 3.0 бардык керектүү сыноолордон өткөндөн кийин, анын үлүшү он эки айдын ичинде отуз пайызга чейин жогорулаган. IE үстүндө иштеп жаткан учурда, үчүнчү балабыз төрөлгөн, биз жаңы үй салганбыз, мен болсо Wall Street Journal жана The Economist журналдарын окуганга убакыт тапчумун. Өмүрлүк жарым Лиза болсо мени “сагынткан күйөө” деп атаган.

 

* * *

Бенджамин В. Сливка мырзанын ийгилигинин сыры

Биз бул кызыктуу киши менен салтанат бүткөндөн кийин жолугуп, бир аз маек кылдык.

 

-          Кыргызстанга келгенге чейин биздин өлкө жөнүндө эмне билет элеңиз? Бул жерге биринчи жолу келдиңизби?

-          Ооба, биринчи келишим. Кыргызстан жөнүндө америкалык гезиттерден эмнени окусам, ошолорду гана билгем (Кыргызстан жөнүндө макалаларды атайын окуган экен). Кыргызстан жакыр өлкө, бул жерде коррупция гүлдөп өсүп жатканын уккам. Ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу маалыматым болду. Ал түгүл, анын бир чыгармасынан үзүндүнүн англис тилинде окугам.

 

-          Анан Кыргызстанга келгенде өлкө тууралуу оюңуз өзгөрдүбү?

-          Албетте! Мага Бишкек шаары абдан жакты. Америкалык басылмалар жаңылганын билдиргим келет, өлкөңөр абдан деле жакыр эмес экен, коррупцияны деле байкаган жокмун. Мындан кийин дагы келгим келет.

 

-          Сиз БААУ студенттери менен өзүнчө жолуккан элеңиз. Алар сизге кандай суроо беришти? Америкалык студенттерден айырмалары бар бекен?

-          Эч кандай айырмасы жок. Силердин студенттериңер Америкадагы эле студенттердей эле болуп жүрүшөт – көрүнүшү, кылык-жоруктары, суроолору, бардыгы бирдей: “окуш керекпи же иштеш керекпи? Ата-эне менен калсакпы же жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тапканга алысыраак жактарга барсакпы?” деген сыяктуу суроолорду узатышты. Аларга өз өмүр баянымды айтып берип, мен өз убагымда бул суроолорго жооп бергенимди билдирдим. Бул жактагы студенттер америкалыктардан да мыкты болушат! Анткени алар 3-4 тил билет – кыргызча, орусча, англисче, мындан сырткары французча, немисче же дагы башка тилдерде сүйлөй алат. Бул абдан сонун!

 

-          Бүтүрүүчүлөргө, дегеле бардык жаштарга эмне деп айта аласыз?

-          Менин ата-энем китеп окуган, окуудан калбаган, иштен талыкпаган кишилер болгону мен үчүн абдан чоң ийгилик болду. Алар мага өз кыялыма жетүү үчүн кыймыл-аракеттериме эркиндик беришти. Аларды баласы убактын ракеталарды курууга, илимий фантастиканы окууга, компьютерлер менен иштөөгө коротуп жатканы кооптондурган эмес. Алар мага үйдөн алыс жактарга барууга уруксат беришкен. Мен өз ханышам Лизаны тапканыма, ал менен үй-бүлө курганыма, Майкрософтто багым ачылганына абдан сүйүнөм.

 

Ар бир жаш атуул талыкпай эмгек кылып, өзүнүн сүйүктүү кесибин таба алат деп үмүттөнөм.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028