ֱ

Career Fair 2014

Career Fair 2014

14&Բ;марта&Բ;2014

 

12-13 мартта БААУда иш жармаңкеси өткөрүлдү. Бул иш чарага 1000 ашуун студент катышты.

 

Иш жармаңкеси АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылык колдоосунда БААУ Кошумча билим берүү борбору жана Карьера борбору тарабынан өткөрүлдү. Иш-чаранын ири демөөрчүлүгүн “Финка” чакан насыя берүүчү компаниясы, Демир Кыргыз Интернэшнл Банк көтөрүштү. AIESEC уюму, “Бирдиктүү карьера борбору” социалдык долбоору жана ЖОЖ Карьера борборлору тарабынан маалыматтык колдоо көрсөтүлдү.

 

Иш-чара кыймылга, жандуулукка, эргүүгө толуп, ага 35 ашуун компания жана уюм, 600 ашуун катышуучу, алардын катарында Бишкектин жогорку окуу жайларынын көпчүлүгүнүн студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катышты. Жармаңкенин интерактивдүү форматы бул күндөрдү унутулгус жана пайдалуу кылып калтырды. Жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендер арасындагы “салгылашуу” учурунда эки тараптын сөздөрүн угууга, эки тараптын өз ара түшүнүшүүсүнө көмөк берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Компаниялар мастер-класстарын даярдоодо чыгармачылык менен өзгөчөлөнүшүп, ийгиликтүү карьераны түзүүнүн актуалдуу ыкмалары тууралуу маалымат беришти. Уюмдардын Пича Куча форматындагы билдирүүлөрү маалыматка бай, кызыктуу, ыргактуу болуп айтылды. Жармаңке катышуучулардын жумуш берүүчүлөр менен таанышуусу менен бүтпөй, тажрыйба алуу, маектешүү жана жумушка орношуу менен уланат.

 

1000 ашуун студент сунушталган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алышты, жумуш берүүчүлөр менен таанышышты, Жармаңкеге ар түрдүү сунушталган форматта катышышты.

 

“Жумуш берүүчүлөргө сунушталган мүмкүнчүлүктөр, кызыктуу мастер-класстар, марафондорго жана салгылаштарга катышкандары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Демөөрчүлөргө да каржылоо боюнча көрсөткөн колдоосуна рахмат айтабыз. Жармаңкеде үзгүлтүксүз кыймылды камсыздагандары үчүн ыктыярчыларга да чоң рахмат айтабыз. Эки күн ичинде биздин бардык иш-чараларыбызга катышкан студенттерге, бүтүрүүчүлөргө да активдүү катышуусу үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз” – деп БААУ Кошумча билим берүү борборунун мүдүрү Наталия Сластникова билдирди.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028