ֱ

БААУ Укуктук клиникасы

БААУ Укуктук клиникасы

10&Բ;декабря&Բ;2013

БААУ Укуктук клиникасы

 

Акысыз укуктук жардамга муктаж болгон кишилердин саны, ар кандай себептердин кесепетинен тайбай көбөйүп баратат. Бул себептердин катарында кылмыштардын, жарандык майданда укуктук бузуулардын, жумуш берүүчүлөрдүн жалданма жумушчуларга карата эмгек жана жарандык мыйзамдарды бузгандарын жана дагы башка себептерди көрсөтсө болот. Натыйжада, көпчүлүк учурда тажрыйбалуу адвокаттардын кызматтарынын акысын төлөөгө күчү жетпеген элдин жарды катмары кыйналат. Кардарлардын көпчүлүгү үчүн юридикалык кеңеш-көмөк (консультация) алуу – укуктук жардамга жетүүнүн жалгыз мүмкүн каражаты болуп эсептелет. Көрсөтүлүп жаткан кызматтардын акысыздыгы гана эмес, башка жайларда (мамлекеттик органдарда, адвокатураларда) объективдүү себептерден улам элге жетишерлик даражада убакыт жана көңүл бурула албай жаткандыгы үчүн ушундай абал келип чыгууда. Кеңеш-көмөк көрсөтүү учурунда кардардын маселеси ийне-жибине чейин иликтенип, көп убакыт берилет. “Социалдык проблеманын алып жүрүүчүсү” менен бетме-бет отуруп алып сүйлөшүү, укуктун түпкү жаратылышын жана кесиптин маңызын ачып көрсөтүп берет. Ушундай коомдук кабылдамалардын бири катары, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин карамагындагы Укуктук клиника эсептелет. Биздин суроолорубузга БААУ Укуктук клиникасынын мүдүрү Нуриля Исаева жана ага окутуучу, Эл аралык арбитраждык соттун калысы Сагын Омуралиев жооп беришти.

 

-  Нуриля, БААУ карамагындагы Укуктук клиника кайсы жылы жана кайсы максат менен ачылганын айтып берсеңиз.

-  Укуктук клиника 2003-жылы БААУнин “Эл аралык жана ишкердик укугу” программасынын жогорку курсунда окуган студенттери үчүн атайын иштелип чыккан окуу дисциплинасы болуп саналат жана окутуунун теориялык, аналитикалык, практикалык жана этикалык маселелерди чечүү үчүн арналган.

 

Негизги максаттары төмөндөгүдөй: биринчиси – окутуунун формаларын жана методикаларын жакшыртуу; экинчиси – окуу процессинде практикалык жана теориялык укуктук билимдин арасында байланышсыздыкты жоюу; үчүнчүсү – студенттерде профессионалдык жактан маанилүү сапаттарды иштеп чыгуу; төртүнчүсү – жергиликтүү калкты укуктук жактан агартуу.

 

-  Укуктук клиникага көбүнчө ким кайрылат?

-   Калктын социалдык жактан аз камсыздалган топтору, жарды, улгайган, жумушсуз, мүмкүнчүлүктөрү чектелген кишилер, БААУ студенттери жана окутуучулары бул клиниканын негизги кардарлары болуп эсептелет.

 

-  Укуктук клиника кандай кызматтарды көрсөтөт?

-  Укуктук клиниканын алкагында укукчу-студенттер тажрыйбалуу укукчунун көзөмөлү астында жарандарга ар кандай укуктук маселелер боюнча акысыз негизде кеңеш-көмөк көрсөтүшөт. Жарандык, эмгек, үй-бүлөлүк, турак-жайлык, административдик, эл аралык жеке менчик, коммерциялык, социалдык камсыздандыруу укугу боюнча консультациялар берилет. Биздин консультациялар бир гана Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жоболорун түшүндүрүү менен чектелбейт. Биздин студенттер Кыргызстандын сот органдарында да жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын ийгиликтүү коргой алышат.

 

Студенттер жетекчинин көзөмөлү астында иш жургүзүшөт. Окутуу процесси төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: студент маалыматтарды жыйнап, анализдейт, укуктук проблеманы түп тамырын изилдейт, маселеден мүмкүн боло турган чыгуу жолдорун издейт, кеңеш-көмөктү даярдап, көрсөтөт. Жетекчинин негизги ролу, студенттерге көрсөтмө берүү эмес, алардын иш-аракеттерин жөнгө салуу болуп саналат. Студент өз алдынча өз иш-аракеттери менен кандай ката кетиргенин, эмне туура кылганын түшүнүшү зарыл. Сунушталып жаткан кеңеш-көмөктүн укуктук жактан сабаттуулугун текшерүү үчүн гана адиске кайрылуу мүмкүн.

 

Студенттердин ишине көзөмөл жүргүзгөн адистердин бири, ага окутуучу, Эл аралык арбитраждык соттун калысы Сагын Омуралиев дагы бир нече суроого жооп берди.

 

-  Студенттердин жумушунун иштөө графиги кандайча түзүлгөн?

-   Жумасына бир жолу студенттерге “Укуктук клиника” деп аталган теориялык сабактар (лекциялар) берилет, сабакты укуктук ишканада тажрыйбасы болгон юрист-практик берет. Дүйшөмбүдөн жума күнүнө чейин, окуу сабактарынан тышкары убакытта, студенттер укукчу кесибин клиникада практикада өздөштүрүшөт. Графикке ылайык, саат 12:05тен 16:45ке чейин студент жумасына эки жолу, окуунун оордугуна жараша 40 же 80 мүнөт нөөмөттө турушат. Ошол эле учурда, саат 12:05тен 16:45ке чейин, клиникада күн сайын тийиштүү окутуучу - жетекчи болот, ал студенттин кардар менен кантип иш алып барганына көз салат.

 

-  Студенттер кантип иштегени, канча иш жүргүзгөнү тууралуу айтып берсеңиз.

-  Нөөмөттө турган студент кардарды кабыл алат, сүйлөшөт, келип чыккан укуктук проблеманы аныктайт, кардарды компьютердик маалымат базасына каттайт. Андан кийин студент кардарга укуктук клиниканын иштөө шарттары жана принциптери сүрөттөлгөн билдирмени окуп чыгып, кол коюусу үчүн берет. Мындан ары иш клиниканын мүдүрлүгү тарабынан изилденет, окуунун оордугуна жараша бул ишти бир студентке дайындайт, балким бул ишти ошол эле нөөмөттө турган, ишти каттаган студентке бериши да ыктымал. Орточо эсеп менен ар бир студент 2ден 4кө чейин иш жүргүзөт, бул сан иштин татаалдыгы жана узактыгына, документтердин даярдалышына жана сот процесстерине катышуу ыктымалдыгына көз каранды.

 

Сиздин студенттер кылмыш иштерин жүргүзүшпөйт. Эмне үчүн?

- Биздин студенттер азырынча жогорку укуктук билимге жана юрист дипломуна ээ эмес, буга жараша адвокаттын лицензия да алыша элек. Кылмыш иштерин лицензия алган адвокаттар гана жүргүзө алат, ал эми студенттер болсо жарандык иштер боюнча гана, өкүл катары тараптардын кызыкчылыктарын коргой алат.

 

Студенттер өз кардарларынын өкүлдөрү катары соттук угууларга катышкандары болобу?

-  Ооба. Муктаждык пайда болгондо жана кардардын өтүнүчү менен айрым иштер боюнча, студенттер кардар(лар)дан алган жана нотариустан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат менен кардарлардын кызыкчылыктарын соттук доолашуулардын башында, же жүрүп жаткан соттук угуулар учурунда коргой алышат. Студенттердин соттук инстанциялардын үчөөндө (райондук/шаардык сот; облустук сот; Жогорку Сот) тең катышкандары жана бардык процесстерден жеңүүчү болуп чыккандары болгон.

 

Жетекчилигиңиз алдындагы шакирттердин жоопкерчилиги жөнүндө айтып берсеңиз.

- Биринчиден, бардык студенттер укуктук кызматтарды акысыз көрсөтүшөт, ошондуктан бул клиникага көбүнчө элдин аз камсыздалган катмары кайрылат, биздин аларга көрсөткөн жардамыбыз бул адамдар үчүн өтө маанилүү.

 

Экинчиден, семестрдин жыйынтыгында теориялык материалдарды өздөштүрүү жана клиниканын кардарлар менен иштөө боюнча практикалык ишмердигине активдүү/начар катышкандыгы үчүн, жана окутуучу-жетекчилердин иштерди жүргүзүү үчүн баа берилет. Баалар – студенттер үчүн өтө күчтүү түртүүчү болуп саналат.

 

Каралып бүткөн жана каралып жаткан иштердин саны канча?

- Күзгү семестрдин башынан бери укуктук клиниканын өндүрүшүндө 30 иш бар, анын чиинде бир нече татаал, жазгы семестрден бери уланып “бүтпөй жаткан” иш да бар. Бир нече иштин аягына чыктык, алар боюнча отчёттор берилди.

 

-   Кардарларыңыз жөнүндө айтып берсеңиз. Кандай адамдар сизге кайрылышат?

-  Жогоруда белгилеп кеткендей бизге элдин аз камсыздалган катмарындагы жарандар кайрылат, анткени алардын чоң акча талап кылган укукчуларды жалдоого каражаттары жетиштүү эмес. Бирок, оокаттуу, акчанын баасын жана кесипкөй укукчулардын эмгеги канчалык кымбат болгонун билген ишкерлер кайрылган учурлар да болгон. Дипломго ээ, иштеп жүргөн укукчулардын катарында “арам адвокаттар” да бар, алар атайылап туруп кардарлардын иштеринин каралышын чоюп, кардарларынан акча доолай беришет. Эки кеменин башын кармаган, “сизге да, бизге да” деп иштеп жүргөн сөрөй адвокаттар да бар, башкача айтканда эки тараптан тең акча алып коюп жүрө беришет.

 

-  Кардарлардын арасында агрессивдүүлөрү да учурайт болуш керек?

-  Укукчунун – юристтин кесиби өтө оор. Студенттерди укуктук клиникага тартып, биз аларга келечекте ар кандай кардарлар менен иштөөгө туура келери тууралуу түшүндүргөнгө аракет кылабыз. Адамдар ар кандай – бай жана кедей, жан дүйнөсү, дене түзүлүшү, тарбиясы, билими ар түрдүү болот. Кардарлардын бардыгы бирдей, жоош, “жибектей” боло албайт. Акыркы жылдарда, менин жетекчилигим учурунда клиникага психикалык жактан оорукчан, тийиштүү диспансерде расмий катталган адамдар дагы кайрылган. Агрессивдүү, студенттерге, жетекчиге кол көтөрүүгө даяр болушат, ошондой эле дароо БААУ президентинин атына арыз жазгандар да бар. Ушул сыяктуу ар бир иш боюнча биз, окутуучулар, абалды кылдат текшерип, тийиштүү тыянактарды чыгарабыз.

 

-  Мындай учурларда студенттер өздөрүн кантип алып жүрүшөт, мындан кандай тажрыйба алышат?

-  Студенттерге жогорку сапаттуу билимди берүү гана эмес (өлкөбүздүн башка окуу жайларына салыштырмалуу, бул чындыгында эле ушундай), өздөрүнө болгон ишенимди, оор абалда өзүн жоготпоо, өзүн кармай билип, кылык-жоругун көзөмөлдөп, туура чечим чыгаруу жөндөмдөрүн тарбиялоо биздин университеттин саясатына кирген. Алар татаалдыктардан коркушпайт, биздин өлкөдөгү жана дүйнөдөгү оор саясий-экономикалык шарттарга азыртан көнүшкөн. Ушул сыяктуу кардарларды тейлеп жатканда, өздөрүн мыкты, адекваттуу алып жүрүшөт. Эң аягында биз, окутуучулар барбыз, биздин жетишерлик турмуштук, практикалык тажрыйбабыз бар. Өзүбүздүн студенттерибизди эч кимге таарынттырбайбыз, аларга тынымсыз жардам берип, колдоп турабыз. Студенттердин бири жогоруда эскерилген, психикасы оорукчан кардар менен иштөөдөн баш тартты, биз аны айыптаган жокпуз, ишти башка студентке тапшырдык.

 

-    Сиздин студенттер профессионалдык консультация берерин айта аласызбы?

-     Жогорку курстун студенттерин, даяр юристтер десек жаңылышпайбыз. Көпчүлүк учурда алар ак ниеттүү, демилгелүү болушат. Өз кардарларынын маселелерине өтө кылдаттык менен мамиле кылышат, көбүнчө бул маселелерди чоң профессионалдуулук менен чечишет. Мында университеттин техникалык жактан мыкты жабдылгандыгы, китепканасы, Кыргызстандын гана эмес, башка өлкөлөрдүн дагы нормативдик-укуктук актылары боюнча кенен маалымат базасы чоң роль ойнойт. Эң негизгиси – билим берүүнүн өтө прогрессивдүү системасы, окутуучулар жана студенттер арасында паракорчулуктун жоктугу болуп саналат.

 

-  Студенттердин ишине кантип баа берилет? Алардын ишине дем бересиңерби?

-   Ар бир кардар менен болгон иштин натыйжалары боюнча, студенттер ортолук (эгер бул “созулган” иш болсо) же жыйынтыктоочу юридикалык корутунду чыгарышат. Муну окутуучулар изилдеп, теориялык (лекциялык) сабактардын, жана клиникадагы кардарлар менен болгон практикалык иштин жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу баа берилет.

 

Студенттер кылып жаткан ишине канчалык даражада кызыгышат? Алардын арасында өзгөчө таланттуулары барбы?

- Бардык жерде болгондой эле, студенттердин арасында “алдыңкылары” жана “эптештиргендери” бар. Көпчүлүгү аларды алдыда оор турмуш күтүп турганын, эгер начар билим алса, багындырып жаткан тоосунун чокусунда эмес, этегинде калып каларын түшүнөт. Мындан тышкары булардын бардыгы (же ата-энеси, же туугандары) окуу үчүн чоң акча төлөйт, ошондуктан жакшы окуганга аракет кылышат. Билим жана маалымат дагы товар болуп саналат. “Эптештиргендер” клиниканын кардарына кылган мамилеси, алардын кызыкчылыгын коргогону, юридикалык документтерди даярдаганы боюнча дароо эле байкалат. Мындай студенттер башка сабактарына дагы жетишишпейт. Бирок басымдуу көпчүлүгү – мыкты студенттер!

 

Укуктук клиниканы өнүктүрүү боюнча сиздин кандай пландарыңыз бар?

- Биздин клиникабыз жалгыз болуп, жарандык мыйзамдардын ар түрдүү багыттары боюнча иш жүргүзөт. Мен АКШ (анын ичинде өткөн жылы 4 ай Колумбиялык университетте, Нью-Йоркто), Улуу Британия, Венгрия, Түркиянын бир нече окуу жайында тажрыйба алгам. Буларда бир университетте бир нече өз алдынча укуктук клиникалар ачылган, алардын ар бири белгилүү бир багыт боюнча: адам укуктары, никелик-үй-бүлөлүк мамилелер, жашы жете электердин маселелери ж.б. боюнча иш жүргүзөт. Мисалы, АКШнын Миссури штатынын Сент-Луист шаарынын Вашингтон атындагы университетте, студенттер кылмыш иштери боюнча дагы кардарларын кызмат көрсөтүп, расмий түрдө сот процесстерине катышышат. Жакынкы келечекте биздин университет дагы ушул сыяктуу укуктук клиникаларды ачат деген ойдомун.

 

Сиздин оюңузча, биздин окуу жайлар сапаттуу укуктук билим береби?

-  Биздин өлкөдө беш миллион элге элүүгө жакын жогорку окуу жай иштейт, алардын кээ бирлеринде укук факультеттери бар. Көпчүлүгүндө, өзгөчө укук факультеттеринде билим берүүнүн сапаты начар. Кошумча катары, жогоруда айткандай окутуучулар курамынын ичинде пара алгандар бар. Мындай университеттерден кандай юристтер чыгарын элестетүү кыйын, “арам адвокаттар” чыгышы ыктымал.

 

-  БААУ эмнеси менен мактана алат?

-  Бул университет 20 жылдан бери жогорку квалификациялуу адистерди даярдайт, мунун бүтүрүүчүлөрүн Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө дагы саясат жана экономика тармактарында талашышат. Андыктан БААУ аймактагы кайталанбас, башка эч бирине окшобогон университет болуп саналат (атына заты жарашып, бекеринен БААУ деп аталбаса керек). Иштин бардыгы заманбап, маданияттуу билим берүү системасында, жогорку даражалуу профессордук-окутуучулук курамда (окутуучулардын көбү – батыштын алдыңкы билимин алып келген), жогорку техникалык жабдылгандыкта жатат. Бул жерде шарттардын бардыгы студенттер үчүн түзүлгөн, кайталап кетейин, мында паракорчулукка орун берилбейт.

 

-  БААУнин келечегин кандай көрөсүз?

-  Университеттин келечеги кең, телегейи тең. Анткени бул окуу жайга болгон суроо-талап Борбордук Азияда эң күчтүү жана мунун кадыр-баркы жогору. Жакында университеттин жаңы кампусу, корпустары колдонууга берилет, бул саамалык биздин көп улуттуу коллективибизге, азыркы жана болочоктогу студенттерибизге дем берип жатат.  Биз үчүн БААУ – латын тилинде айтылганда Alma mater - бир боор энебиз. Клиникада иштеп кеткен бүтүрүүчөлөр, жумушка оңой орношушат, жумуш берүүчүлөрүнө өздөрүнүн практикалык жактан мыкты машыккандыгын көрсөтүшөт.

 

Укуктук клиниканын мүдүрү Нуриля Исаева, клиниканын ишмердигинин жыйынтыктарын чыгарып жатып, БААУнин 20 жылдык ишинде көрүнүктүү ийгиликтер келип чыкканына баса белгиледи.

 

-  Укуктук клиника 10 жылдык ишинин ичинде коюлган максаттарды мыкты аткарып жатат. Юрист-студенттер клиниканын өзгөчө ишмердигинин аркасында, чыныгы турмуштук маселелер боюнча чыныгы кардараларга кызмат көрсөтүшүп, кесибинин маектешүү, кеңеш-көмөк берүү, сүйлөшүү жүргүзүү, ишке укуктук жактан баа берүү, укуктук анализ жүргүзүү, иш боюнча позицияны иштеп чыгуу, аргумент келтирүү жана критикалык ой жүгүртүү, укуктук жазма сабаттуулугу, сотто өкүлчүлүк кылуу сыяктуу практикалык жөндөмдүүлүктөргө ээ болуп чыгышат.

 

Кардарларыбыздын көбү кайрадан бизге кайрылганы же тааныштарына, досторуна бизди сунуштаганы боюнча ишибиздин натыйжалуу жүрүп жатканын аныктай алабыз. Мындан тышкары, көптөгөн жергиликтүү мамлекеттик мекемелер жана соттор жарандарды квалификациялуу укуктук жардам алуу үчүн бизге жиберишет.

 

Биз дайыма көрсөтүп жаткан кызматтардын сапатын тынымсыз жогорулатуунун үстүндө иштейбиз.

 

Маек жүргүзгөн - Динара Орозбаева

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028